Проект компании «Logos» при поддержки Фонда им. Табылды Эгембердиева
Ежедневно с 10:00 -до 20:00

Студенттерди чет өлкөгө окууга даярдаган ишкер: 5 нерсени эстен чыгарбаш керек

Кыргызстандык Алтынбек Бегалиев 12 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ал эмгек жолун алгач коңшу Казакстанда баштап, кийин Бишкек шаарында уланткан.

 

Эки компаниянын негиздөөчүсү жыл сайын ондогон кыргызстандык дилгир жаштарды чет өлкөгө окууга жиберет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маек курду.

— Билим берүү тармагында 12 жылдан бери өз алдынча иштеп келет экенсиз. Бул тармакка кантип келип калдыңыз?

— Ооба, 2008-жылы Алматы шаарында студенттерди чет өлкөгө жөнөткөн компания ачып иш баштаганбыз. Кийин Бишкекте да кеңсебиз ачылган. Ал кезде чет өлкөдө билим алуу жаңыдан гана калыптана баштаган эле. Ошол кез менен азыркы учурду салыштырып болбойт. Убакыттын өтүшү менен бизде бул тармак жолго салынып, эл аралык деңгээлге чыкты. Азыр Кыргызстанда жаштарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган көп компания өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

— Чет өлкөгө көп чыгат экенсиз. Учурда Кыргызстанда кандай иштерди жасап жатасыздар?

— Былтыр «Келечектеги лидерлер мектеби» аталышындагы социалдык долбоорду ишке киргизгенбиз, азыр анын алгачкы жемишин көрө баштадык. Ага Табылды Эгембердиев атындагы фонд каржылык колдоо көргөзүп, жети окуучуну 1,5 жылдай чет элдик ЖОЖдорго өтүүгө даярдадык. Аталган фондго терең ыраазычылык билдирем. Бизге азыр ЖОЖдордон жооптор келе баштады. Жакында эле бир окуучубуз үч университетке чакыруу алды. Ар бири жыл сайын анын окуусунун 25 миң долларлык контрагын төлөп берет. Азыр ал кайсы университетте окууну ойлонуп жатат. Дагы бир бүтүрүүчүбүз бир жогорку окуу жайдын вице-президентинин 26 миң долларлык стипендиясын алды, эми анын президенттик стипендиясынын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Эгер жеңип алса, төрт жыл бою АКШдагы эң алдыңкы ЖОЖдо акысыз билим алат.

— Жакшы экен. Буюрса бир нече айдан кийин миңдеген окуучу мектепти аяктайт. Чет элдик мыкты жогорку окуу жайларга өтүү үчүн эмне кылышы керек?

— Чет өлкөдө акысыз билим алуу үчүн окуучулар эрте эле даярдык көрө баштаганы жакшы. 11-класста эмес, 9-класстан тарта аракеттенгени оң, себеби даярдануу көп убакытты талап кылат. Биринчиден, мектептеги жетишкендиктери жакшы болушу абзел. Документтерди кабыл алган ЖОЖ талапкердин акыркы үч жылдагы сабактарынын баасын карайт. Экинчиден, чет тилин жакшыртышы керек. Аны тиешелүү деңгээлге чыгаруу дагы көп убакытты талап кылат, бүтүрүүчүнүн англис тилин жогорку деңгээлде билгени жакшы. TOEFL экзаменинен жок дегенде 100 балл алышы керек. Үчүнчүдөн, талапкердин академиялык билими эске алынат. Аны SAT аттуу америкалык экзаменди тапшырып аныктоого болот. 1600 баллдын ичинен жок дегенде 1400дөн жогору упай алышы керек. Төртүнчүдөн, америкалык ЖОЖдорго англис тилинен мыкты эссе жазуу шарты бар. Эгер бүтүрүүчү аны туура жана мыкты жазса, ал сөзсүз университет тарабынан бааланат. Бешинчиден, талапкер мектептен сырткары коомдук иштерге ыктыярчы болуп катышкандыгы да көңүл сыртында калбайт. Чет жакта мыкты ЖОЖдо билим алам деген жаштар ушул беш нерсеге көңүл буруусу керек. Эң негизгиси алар эрте даярдык көрө баштаганы оң.

— Азыр жаштарга чет жактан окууга мүмкүнчүлүктөр көп элеби?

— Мурдагыга салыштармалуу бир топ көбөйдү. Окуучулардын алдында дүйнөнүн жүздөгөн, миңдеген окуу жайларынын эшиги ачык. Илимий даражасына, финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша түрдүү ЖОЖдордо окуй алышат. Эгер бүтүрүүчүнүн акчасы жок болуп турса, Кытайда ошол тилде толук акысыз окуса болот. Азыр ал мамлекет чет элдик студенттердин саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Англис тилинде Чыгыш Европадагы Польша, Чехия, Венгриядан жылына 2000-5000 доллардын айланасындагы акча коротуп билим алууга болот.

— Сиздер борбордогуларга кызмат көрсөтүп, аларды мыкты ЖОЖдорго өткөрүүгө көмөктөшүп жатпайсыздарбы, ал эми алыскы айылда окуган окуучулар кантип чет жакта окуй алышат?

— Азыр мүмкүнчүлүктөрдүн доору. Нарындагы алыскы бир айылда окуучу колундагы интернети менен дүйнөнү ача алат. Анын жардамы менен онлайн китепканаларды колдонуп билим алса болот. Көптөгөн университеттердин чет тилди үйрөнүү боюнча курстарына акысыз катыша алат. Мындан сырткары, интернетте толгон-токой китептер бар. Алар Бишкек шаарында жашабай туруп эле интернетти өз багытында колдонуп бир топ жетишкендиктерди багындыра алат. Бирок окуучулардын көпчүлүгү интернетти көңүл ачуу үчүн гана колдонууда, бул — жаштардын эң чоң жаңылыштыгы. Иш жүзүндө алыскы айылдагы окуучунун да онлайн курстар аркылуу чет тилди өздөштүрүп дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларына өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Айылдык балдар шаардыктарга караганда алыс жерге барып, башка чоң шаарда билим алууну эңсеп чыйрак болушат. Ошол маалда ата-энелердин да колдоосу чоң түрткү берет.

— Мектеп бүтүрүүчүлөрү өзүнүн адистигине жараша белгилүү бир мамлекеттин ЖОЖдоруна ыктап тандаса болобу?

 

 

— Азыр белгилүү бир мамлекет айрым адистерди даярдоо боюнча алдыда деп айтуу кыйын. Бирок айрым өлкөлөр башкаларга салыштырмалуу кээ бир кесиптерди даярдоодо алдыга озуп кеткен. Мисалы, туризм жана эс алуучуларды тейлөө боюнча дүйнө жүзүндө Швейцария алдыда турат. Дизайн, мода боюнча Париж, Лондон, Нью-Йорк шаарлары менен Италиянын окуу жайлары мыкты. Ал эми күчтүү техникалык кызматкерлерди Германия, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Австралиянын университеттери даярдайт. Ошол эле маалда аталган адистиктерди башка мамлекеттер жакшы даярдай албайт деп да айта албайбыз. Ошондуктан биздин бүтүрүүчүлөр болочоктогу кесиби боюнча ЖОЖду издегенде бир нече мамлекетке көңүл бурганы жакшы. Жаштар англис тилинде толугу менен бекер билим берүү жок экенин жана ал кымбат болорун эске алышы керек. Англис тилинде Чыгыш Европада билим алуу 2-3 миң доллар турса, АКШ менен Канаданын мыкты ЖОЖдорунда 40-45 миң долларга окууга болот. Чет элдиктерге акысыз билим берүү көбүнчө эне тилде жүрөт. Германия менен Австрияда немец тилинде, Чехияда чех тилинде, Францияда француз тилинде акысыз билим алса болот. Кыскасы, жакшы адистикке ээ болуу үчүн канча акча корото алары, кайсы тилде билим алуу ниети бар экенине көңүл буруусу абзел.

Дагы айта кетчү жагдай, кыргызстандык бүтүрүүчү окуу маалында акча табууга, ЖОЖду бүткөндөн кийин да ал жакта иштеп калуу жагын ойлонуштурганы жакшы. «Силер батыштын сапаттуу билимин гана албастан, ал жактан тажрыйба топтоп, узак убакыт иштеп, анан мекенге келгиле» деп көпчүлүк бүтүрүүчүлөргө кеңеш берип келем. Ошондо гана алар Кыргызстанда мыкты кызматкерлерден боло алышат.

— Өнүккөн өлкөдөн жакшы билим алып келип Кыргызстанда жумушсуз отуруп калбаш үчүн эмне кылыш керек? Андайларды көрүп эле жүрөбүз.

— Ооба, чындыгында батыштан билим алып келип Кыргызстанда өз ордун таба албагандар көп. Мен аларга окуган мамлекетте кеминде 3-4 жылдай иштегиле деп кеңеш берет элем. Себеби ошондо гана ал жактан үйрөнгөнүн бизде өз алдынча колдоно алат. Мисалы, 1990-жылдары чет жакка билим алганы кеткендер азыр мекенге кайтып келе баштады. Ийгилик жаратып, ишкерлик менен алектенип Кыргызстанга жардамдашып жатат. Азыркы жаштардын кесипке көңүл буруп, келечегин ойлоп тандап жаткандыгы мени кубандырат. Алар IT, экономика, бизнес, туризм тармагындагы адистиктерге ыкташууда.

— Чет жакта окуй турган кыргызстандыктардын илим жааты менен кетип магистрлик, кандидаттык, докторлукту жактай турган ниети болсо эмне кылышы керек?

— Биздин жаш окумуштуулар үчүн да көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр сыртта PhD (кандидаттык, докторлук) даражасын алуу өтө жеңил. Биринчиден, алар үчүн гранттык орундар арбын, аларга батышта жакшы шарт түзүлгөн. Бир эле маалда окуп, стипендия алып, иштей да алышат. Мындайча айтканда, алар өзүн толук камсыздап заманбап илимий борбор, лабораторияларда илимий даражасын жогорулата алат.

© ФОТО / ИЗ ЛИЧНОГО АРХИВА АЛТЫНБЕКА БЕГАЛИЕВА

— Өзүңүздүн жумушуңуз менен чет өлкөгө көп чыгып жүрөсүз. Биздеги билим берүүнүн сапатына кандай баа бересиз?

— Эч кимди таарынткым келбейт. Тилекке каршы, бизде жыл өткөн сайын орто жана жогорку билим берүү деградация болуп жатат. Аны көрүп алып аябай жаным кейийт. Мугалимдик кесиптин кадыр-баркы түшүп калды. Ага эч кимди күнөөлөй албайм. Мен жумуштап Россия, Казакстанга көп барам. Алардын мектептери керектүү техника, жабдуу менен камсыздалганын көрүп Кыргызстан менен салыштырам. Бизде үлгүлүү мектептер жок эмес, бирок саналуу. Жалпылап алганда өлкөдөгү көптөгөн мектептерде жөнөкөй эле интернет да жок.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200126/1046875401/ishker-altynbek-begaliev-bilim-beruu-maek.html